Кыргызстанда 2017-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу координатору болуп иштеген Озонния Ожиелонун өлкөдөгү миссиясы аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
17-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ожиело менен жолугуп, ага БУУ мекемелери менен Кыргызстандын бийлик органдарынын ортосундагы кызматташуу механизмдерин жөнгө салганы жана пандемия маалында өлкөгө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело 2014-2017-жылдары Африкада тынчтыкты орнотуу жана башкаруу боюнча БУУнун аймактык директору болуп иштеген.
Ал БУУнун тутумунда 2002-жылдан бери эмгектенип келет. (BCh)
Дагы караңыз
Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирдиПутин Орусиянын экономикасы турукташып баратканын айттыУлуттук тамак-аштын курамы тууралуу биринчи маалымат топтому жарык көрдү