Саламаттык сактоо министрлиги 14-кылымда кара тумоо Кыргызстандын Ысык-Көл аймагынан тарай баштаган деген чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий изилдөөсү тууралуу билдирүү таратты.
Министрлик Nature журналында жарыяланган илимий изилдөөдө Бишкектин четиндеги (Кара-Жыгач чеби) жана Токмокко (Бурана) жакын жердеги археологиялык жана палеонтологиялык казуулардын жүрүшүндө табылган болгону жети адамдын сөөгүнүн үлгүсү алынганы айтылат.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери патогендик микробдордун ДНКсынын бар-жогу боюнча материалдарды экспертизадан өткөрүүгө катышкан эмес. Ысык-Көл облусунда кара тумоо (чума) микробунун ДНКсын аныктоо үчүн көмүлгөн эски жерлерди казуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Чүй облусунун аймагында учурда кара тумоонун табигый очоктору жок жана толугу менен калыбына келтирилген", - деп билдирди министрлик.
Саламаттык сактоо министрлиги 21-кылымда медицина кара тумоонун очокторун алгачкы этапта токтотууга жана 14-кылымдагыдай масштабдуу эпидемиялардын кайталанышына жол бербеген бийиктикке жеткенин белгилейт.
Министрлик аталган макала Ысык-Көлдү жана Кыргызстанды популярдуу эс алуучу жай катары жаманатты кылууга багытталган “буйрутма” сыяктуу көрүнөрүн айткан.
Кара тумоо тарыхтагы эң ири эпидемиологиялык жоготуулардын бири. Кара тумоодон Европа континентинин калкынын 50% жакыны курман болгон. (МТа)
Дагы караңыз
Экс-министр Чынара Жакыпова УКМКга сурак бердиУКМК "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн конституциялык түзүлүшкө шек келтирбөөгө чакырдыТүркияда күрд журналисттер камалды "Дордой Food" базарынан 4,8 миң бөтөлкөгө куюлган жасалма ичимдик табылды