Түркияда 16 күрд журналист "куралдуу террордук уюмга мүчө" деген шек менен камалды. Тарапташтары аларды колдоо максатында нааразылык акциясын уюштуруп, бийликтин сөз эркиндигине балта чаап жатканын сындашты.
8-июнда Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр облусунун башкы прокуратурасынын санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында үйлөр жана кеңселер текшерилип, 22 күрд журналист кармалды.
Бейшембиде Башкы прокуратура 16 журналист "куралдуу террордук уюмга мүчө" деген айып менен камалганын кабарлады.
Алардын жактоочусу Ресул Тамур немистердин Deutsche Welle басылмасына суракта журналисттерге кандай суроолор узатылганын айтып берди.
"Журналисттердин дээрлик баарынан жазган кабарларынын мазмуну суралды. Алар ишмердүүлүгүн толугу менен журналисттик этикага жана эрежелерге шайкеш жүргүзгөнүн айтышты. Суракта 16 журналист аларга коюлган айыпты моюнуна алышкан жок".
Камалган журналисттер Sterk TV жана Medya Haber TV телеканалдарынын кызматкерлери. Суракта алардын эфирге чыккан программалары, маалымат булактары жана ар биринин телефон сүйлөшүүлөрү тыкыр текшерилгени маалым болду.
Дагы караңыз Эрдоганга акаарат келтирген журналист камалдыДиярбакырдын Башкы прокуратурасынын сотко жөнөткөн корутундусунда журналисттер Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчу партиясына (ПКК) мүчө деген шек менен кармалганы айтылат.
"ПКК террордук уюмунун колдоосу менен эфирге чыккан Sterk TV жана Medya Haber TV телеканалдары текшерилгенден кийин облусубуздагы кармалган шектүү адамдардын бул эки телеканалга телеберүүлөрдү жасап жүргөнү аныкталды", - деп айтылат прокурорлордун корутундусунда.
Бейшембиде соттун чечимин уккан жериликтүү журналисттер, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыкты. Алар кесиптештери өлкөдөгү сөз эркиндигинин курмандыгы болгонун айтып чыгышты.
"Камакка алуунун себеби антидемократиялык мамиленин натыйжасы экени дагы бир жолу ачыкка чыкты. Мындан бир-эки күн мурда эле ички иштер министри атайын операциялар кандай жүргүзүлүшү керек экенин айтып жаткан. Эркин басма сөзгө каршы бул иш атайын жасалган операция экенин билебиз. Адамдар жөн гана бийликтин айтканын угат. Бирок биз чындыкты айтабыз. Кандай болгон күндө да биз бул жалган тартипке, эркиндикти чектеген системага, чириген менталитетке каршы чындык үчүн күрөшүбүздү улантабыз", - деди акцияда сүйлөгөн "Дижле Фырат" журналисттер коомунун (DFG) теңтөрагасы Дижле Мүфтүоглу.
Белгилей кетсек, сөз эркиндигине абай салган Expression Interrupted уюмунун маалыматына караганда, 2022-жылдын алгачкы үч айында Түркияда 173 журналист соттолгон. 16 журналист өмүр бою эркинен ажыратылган. Бир журналист өлтүрүлгөн.
Жыл башында Түркиядагы оппозициячыл журналист Седеф Кабаш президент Режеп Тайып Эрдоганга "акарат келтирди" деген жүйө менен камалган. Сот журналист аялды эки жылга шарттуу кескен.
Түркиянын Юстиция министрлигинин 2020-жылдагы статистикасына ылайык, Эрдоган 2014-жылы бийликке келгени "президентке акарат келтирүү" беренеси менен ачылган кылмыш иштердин саны 160 миңден ашкан. Ушул берене менен 3625 жаран абакка кесилген.
Ал арада шаршембиде түрк парламенти басма сөздү тескеген мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоорду жактырды.
Коомчулукта "дезинформация мыйзамы" деп аталган бул документке алгач президент Режеп Тайып Эрдогандын былтыр туристтик аймактарда чыккан өрттөн кийин айткан сөзү түрткү берген.
Эрдоган жаратылыш кырсыктары тууралуу сүйлөгөн сөзүндө "Биз жалаң өрт менен күрөшпөйбүз, оппозиция калпты, террорду жайылтып жатат" деп өкмөткө басма сөз жана социалдык тармактар тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.
Ай башында бийликтеги партиянын депутаттары 40 пункттан турган мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган. Бул сунуш Юстиция комиссиясынан өткөндөн кийин кабыл алынды.
Дагы караңыз Дүйнөдө медиага чабуул күчөдү, Кыргызстандын рейтингиСерепчилер эскерткендей, долбоор күчүнө кирсе, журналисттер гана эмес социалдык тармактардын колдонуучулары да "жалган маалымат таратып жатат" деген шек менен үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Айрымдары бул долбоорду 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык катары сыпаттап, көз карандысыз журналисттердин ишмердүүлүгүнө жана сөз эркиндигине басымды күчөтүүнүн бир ыкмасы экенин айтышууда.
Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун былтыркы баяндамасында Түркия сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 153-орунду ээлеп, көрсөткүчү кыйла төмөндөп кеткен. Дүйнөдөгү мыйзам үстөмдүгүнүн индексинде 139 өлкөнүн ичинде 117-орунда турат. Ал эми Freedom House уюмунун акыркы жылдагы “Интернет эркиндиги” баяндамасында Түркия “эркин эмес өлкөлөрдүн” катарына кирген.