Салык боюнча карызы барлардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынып жана башка чектөөлөр колдонулуп жатканын Мамлекеттик салык кызматы 16-июнда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 1-июнга карата сот аткаруучулар салык органдарынын арызынын негизинде дээрлик 7,7 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төлөм боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө чектөө чарасын колдонушту.
Тийиштүү иштер жүргүзүлгөндөн кийин алардын 251и 42 миллион сомдук карызын төктү.
Салык кызматы 100 миң сомдон жогору суммадагы карызы барларды өлкөдөн чыгарбоого жана ошондой эле мүлк боюнча каттоо иштерин жана банктык операцияларын жүргүзүүгө, паспортундагы маалыматтарды өзгөртүүгө, лотереялык утуштарын жана башкаларын алууга чектөө киргизүүгө мыйзам жол берерин эскертти. (RK)
Дагы караңыз
Мугалимди мазактоого каршы мыйзам биринчи окууда каралдыБаткен: өрүктү сыртка экспорттогон ишкерлерCoca-Cola Орусияда өз товарларын сатууну токтототВакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү дагы бир кызматкер үй камагына чыкты