Бүгүн 17-июндан тартып Кыргызстанда өлкө ичинде поезд менен каттаган жүргүнчүлөр үчүн жол кире кымбаттады. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин жаңы тариф тууралуу буйругу 16-июнда чыкты.
Ага ылайык, Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом, Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды.
Акыркы жолу өлкө аймагында темир жолдун ички жол киреси 2010-жылы жогорулатылган.
Балыкчыга, мисалы, чоңдор үчүн билет баасы 69 сом болчу. (RK)
Дагы караңыз
Мугалимдин эмгек өргүүсү боюнча токтом чыктыАлыкул Осмонов атындагы китепканада коворкинг борбору ачылдыАКШ Сириядан кыргыз жарандарын алып келгенге колдоо көрсөтөтЧынара Жакыпова УКМКдан оозеки чакыруу алганын билдирди