Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат. Министрлер кабинети тиешелүү токтомду даярдап жатканын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында билдирди.
Мындай чечим мугалимдер, ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган.
16-июнда Жогорку Кеңеште Билим берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, айрым депутаттар окуу жылын 1-сентябрда баштоо керектигин айтышкан.
2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. (JsA)
Дагы караңыз
Кочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылдыПарламентте ректорлорду дайындоо сунушуна каршы пикирлер айтылдыСоциалдык медиага редактор керек