Парламентте ректорлорду дайындоо сунушуна каршы пикирлер айтылды

Ош мамлекеттик университети.

Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында жаңы мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү 33 университеттин ректорлорун дайындоо жолу менен кызматка коюу сунушталууда. Бул сунушка каршы чыккан депутат Дастан Жумабеков ректорду эмгек жамааты шайлашы керектигин белгиледи.

Адахан Мадумаров окуу жайдын жетекчиси дайындала турган болсо, кызматка коюу бизнеске айланарын айтып, сунушту сындады.

"Эртең министрге бул адамды ректор дайындап кой деп толтура тизме барат. Бул ыкма ачык эле бизнеске айланат”,-деди Мадумаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ректорлорду дайындоону бизнеске айлантпоого аракет жасай турганын билдирди.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогоку Кеңеште экинчи окууда каралды. Мыйзам кабыл алынса, өлкөдөгү Улуттук макамы бар төрт жогорку окуу жайдын ректорун президент, 29 мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин министр дайындайт. Ректорлого коюлчу талаптар мыйзам кабыл алынгандан кийин Министрлер кабинетинин токтому менен аныкталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 33 мамлекеттик жогорку окуу жай бар, анда 232 миң студент билим алат. Жыл сайын бюджеттик негизде билим алууга 5965 орун бөлүнөт.(JsA)

Дагы караңыз

Ооруканада дарыланып жаткан Атамбаев сот отурумуна бардыМинистр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктадыКанада менен Дания тарыхтагы "эң тынч согушка" чекит коюшту