Курулуш компаниясына нааразылар Өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүштү

Акциянын катышуучулары. 2022-жылдын 16-июну.

Өкмөт үйүнүн алдында 15-июнда Бишкектеги курулуш компанияларынын бирине каршы акция өттү. Жал кичи районундагы көп кабат үйлөрдүн биринин жашоочусу, өзүн Чынара Калдарова деп тааныштырган тургун “Ааламстрой” компаниясынан батир сатып алганын, курулуш иштери 2016-жылы бүтө турган үй азыркыга чейин бүтпөй, документи берилбей жатканын айтып “Азаттыкка” кайрылды.

Анын айтымында, үч блоктон турган үйдө 280 адам жашайт, компания жылуулук, борбордук коммуникация боюнча убадаларын аткарбай жатат жана жогорку кабаттарга суунун жетиши көйгөй болууда.

Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыккандар компаниядан компенсация төлөп берүүнү да талап кылышты.

“Азаттык” компаниянын өзүнүн жүйөлөрүн угуу үчүн бир нече жолу кайрылып, байланыша алган жок.

Кыргызстанда курулуш компанияларынын көпчүлүгү тамды кардарлар менен үлүштүк негизде куруу тууралуу макулдашып иштешет. Үй убагында бүтпөй, документи берилбей жатканын айткандар буга чейин да болгон. (RK)

Дагы караңыз

УКМК Равшан Жээнбековдун уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынбаганын билдирдиДосоновду актоо криминал менен күрөшкө көлөкө түшүрдүбү?Зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы тобу ажылык сапарга жөнөдүАКШ Украинага 1 миллиард долларлык курал-жарак берилерин жарыялады