Абакта каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевди тергөө абагында кармоо негиздерин жана шарттарын изилдеп чыгуу үчүн мекеме аралык комиссия түзүлдү. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова түзгөн комиссия Казакпаевге абакта медициналык тейлөө канчалык жеткиликтүү болгонун да изилдеп чыгарын мекеменин басма сөз кызматы 15-июнда кабарлады.
Комиссиянын курамына акыйкатчынын аппаратынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун, “Кыйноолорго каршы коалиция”, «Кылым шамы», «Жарандык союз» уюмдарынын өкүлдөрү кирмей болду.
Башкы прокуратура байкоочу катары катышары айтылды.
Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.
Анын жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коюлган дооматтардын баарын четке кагып, тергөө абагында маркумга дары-дармек берилип, убагында медициналык кароодон өтүп турганын айткан.
Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. (RK)
Дагы караңыз
Украина: "Азот" заводу каршылыктын чордонуна айландыТокаев Казакстан Орусияга каршы санкцияларды бузбашы керектигин айтты Алексей Навальный абактан байланышка чыктыУкраина: Северодонецкидеги айыгышкан кармаш