Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймагында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,
- Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33,
- Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,
- Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11.
- Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт. (JsA)
Дагы караңыз
Рысбеков: Казакпаевдин илдети аны абакта кармоого жол бербей турганы эскертилген Депутат Акаев түрмөлөрдү «криминал жана акча башкарып калганын» айтты“Кумтөр Голд Компани" ижарага алынган жаңы кеңсеге көчтү