Рысбеков: Казакпаевдин илдети аны абакта кармоого жол бербей турганы эскертилген

Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев ден соолугуна байланыштуу камакта отура албай турганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагына 9-июнда кат жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди.

Рысбеков Казакпаев менен жеке өзү үч жолу жолукканын, борбордун кызматкерлери да барып мониторинг жүргүзүп турганын, 26-апрелде анын жубайы жардам сурап кайрылганын айтып, саясат талдоочунун илдети жабык жайда кармоого жол берилбей турган оорулардын катарында болгонун айтты.

Казакпаевдин маселесин көтөргөн депутат Дастан Бекешев «Эркиндикке чыгарылышы зарыл болгон, бирок УКМКнын тергөө абагында жана башка абактарга отурган адамдар канча?» деген суроо берди.

Борбордун директору андай адамдардын так санын айта албасын, Батукаевдин окуясынан кийин жабык жайдан ден соолугуна байланыштуу бошотуу деген тажрыйба токтогонун айтты.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков абактагы ар бир адам соттун чечиминин негизинде гана кармалып отурганын, соттун чечимисиз камалып жаткандар жок экенин билдирди.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Бакыт Кетиренов Казакпаевдин маселеси боюнча маалымат берип, ал да абакта соттун чечиминин негизинде кармалып келгенин айтты:

«Казакпаевдин бөгөт чарасын сот кабыл алган. Тергөө жүргүзүлүп, бөгөт чарасынын мөөнөтү бүтө электе соттун кароосуна жиберилген. Азыр кылмыш иши соттун кароосунда».

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Анын жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коюлган дооматтардын баарын четке кагып, тергөө абагында маркумга дары-дармек берилип, убагында медициналык кароодон өтүп турганын айткан.

Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. (RK)