Камчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын тергөө абагынан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу ал “Новые лица” порталындагы маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, 2019-жылдын сентябрь айында “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2021-жылы бул ишке Марат Казакпаевдин тиешеси бар экени аныкталган. Саясат талдоочу былтыр апрель айында суракка чакырылып кармалган. Анын иши быйыл 10-мартта тергелип бүтүп Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилген.

Камчыбек Ташиев маркум Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагында жатканда дарыгерлердин кароосунан бир нече жолу өтүп, дары-дармекти убагында алып турганын айтууда.

“Биз аны сактап калуу үчүн бардыгын жасадык. Мен убактылуу кармоо жайына камалгандардын ар бирин оор кабыл алам. Себеби, бул жерде болгом жана шарттар кандай экенин билем. Шарт начар деп айтпайм, бирок бул абалдын өзүндө эле психологиялык жана моралдык басым бар. Эгерде адамдын өзүндө дарты болсо, ал күчөп кетиши мүмкүн. Биз тыкыр көзөмөлдөп, кимдир бирөө ооруп калса, дароо ооруканага жаткырабыз”, - деди Ташиев.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Оппозициялык саясатчылар Марат Казакпаевдин өлүмүнө азыркы бийлик жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жооптуу экенин жарыялады.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешетПрезиденттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алындыБыйыл Орусиядан 15 миңден ашык миллионер чыгып кетиши мүмкүнКыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды