Быйыл байлыгы 1 миллион доллардан көп 15 миңден ашык адам Орусиядан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай божомолду дүйнөлүк экономикалык миграцияны изилдөө боюнча Henley&Partners агенттиги билдирди.
“Орусия миллионерлерин жоготуп жатат. Акыркы он жылда бай адамдар Орусиядан жыл сайын эмиграция болууда”, - деди изилдөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс.
Орусиялыктар үчүн АКШ жана Британия жер которууга бир топ ыңгайлуу экени, бирок бул мамлекеттерде алардын байлыгынын мыйзамдуулугу боюнча суроо жаралышы мүмкүн экени айтылды. Бай адамдардын эмиграцияга кетиши үчүн Бириккен Араб Эмираты эң жагымдуу өлкө болгон.
Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, жыл аягына чейин согуштун кесепетинен Украинадан 2800дөй миллионер кетиши мүмкүн – бул миллион байлыгы бар бардык жарандардын 42% түзөт. (BTo)
Дагы караңыз
Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешетПрезиденттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алындыОрусиядагы мигранттарга чат бот аркылуу кеңеш бериле баштадыОрусия: эмгек мигранттары жапырт кетип жаткан жокДоклад: согуш башталгандан бери Орусияда репрессиялар күчөдү