Алтынбек Эргешов Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 13-июнда кабарлады.
50 жаштагы Алтынбек Эргешов ага чейин өкмөттүн аппаратында иштеп жүргөн. Кезегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы, 2010-жылдагы ыңкылаптан соң өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон.
Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенде Эргешов аткаруу бийлигинен кызматтан кетип, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
Ал Кыргызстанда былтыр октябрда президенттик администрациянын түзүмү өзгөртүлүп, жаңы төрт башкармалык түзүлгөндө президент менен өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка жетекчи болуп дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
Орусиядагы мигранттарга чат бот аркылуу кеңеш бериле баштадыБишкекте катуу шамал учурунда жабыркаган кыздын абалы жакшыУкраин жүгөрүсү альтернативдүү маршрут менен Испанияга жеткирилдиАлмакүчүков Тарых музейинин директорлугунан кетүүгө арыз жазбаганын билдирдиКыргыз-өзбек чек арасында дагы бир мыйзамсыз тоннель табылды