Орусиядагы мигранттарга чат бот аркылуу кеңеш бериле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелери боюнча маалымат берген чат ботун ишке киргизгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Телеграмдагы канал аркылуу мигранттар кыргыз жана орус тилдеринде паспорт, айдоочулук күбөлүк, Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуу тартиби жана мигранттар үчүн зарыл болгон баардык малыматтарды ала алат.

Кыргызстандан Орусияда бир миллиондон ашык мигрант бар экени расмий айтылган. Мигранттар буга чейин укуктук жана башка кенеш алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык кеңселерине кайрылуу түйшүгү да айтылып жүрөт.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында бир миңден ашык кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жазасын мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу. (JsA)

Дагы караңыз

Орусия: эмгек мигранттары жапырт кетип жаткан жокБишкекте катуу шамал учурунда жабыркаган кыздын абалы жакшыУкраин жүгөрүсү альтернативдүү маршрут менен Испанияга жеткирилди