Таласта ККМге каршы нааразылык акциясы өтүп жатат

Таласта көзөмөл-кассалык аппаратына каршы чыккандар. 13-июнь, 2022-жыл.

Көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акциясы 13-июнда Талас облусунда да өтүп жатат. Ага болжол менен 80ге жакын адам катышууда.

Ушундай эле митинг Бишкекте өкмөт үйүнүн имаратынын алдында өтүүдө. Алар ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн. (BTo/MKt)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда Июнь окуясынын 12 жылдыгы эскерилдиЖылдыз Бакашова Тарых музейине директор болуп дайындалдыЧүйдө жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алындыКазакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлдүСоодагерлер ККМге каршы кайрадан нааразылык акцияга чыгыштыТажик бийлиги Хорогдо эки адам жок кылынганын билдирди