12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 12-июнга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,

Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10°.

Бишкек шаарында түнкүсүн 18...20, күндүз 20...30° болот, өткүн өтөт.

Дагы караңыз

Арестович согушта 10 миңге жакын украин жоокери курман болгонун айтты Июнь коогасында дайынсыз жоголгон 17 адам табыла элекБритания менен АКШ жикчилдердин туткундарды өлүм жазасына тартканын айыптадыЭстониянын Тышкы иштер министрлиги Путиндин сөзүн айыптады