Эстониянын Тышкы иштер министрлиги 10-июнда Орусиянын элчиси Владимир Липаевди чакырып, Путиндин Нарва шаарына байланыштуу сүйлөгөн сөзүн айыптады. Бул тууралуу рассмий Таллин кабарлады.
Орус элчиси менен жолуккан расмий өкүл Путиндин соңку сөздөрү өзгөчө Орусиянын Украинага басып киришинин фонунда “өкүнүчтүү” экенин белгиледи.
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия эл аралык укуктарды сыйлабай, эгемендик, аймактык бүтүндүк принциптерин бузганы, империалисттик амбицияларды ишке ашыруу үчүн тарыхты бурмалоо жолу менен пропаганданы колдонуп жатканы айтылат.
Москвада Петр Биринчинин 350 жылдыгына арналган мааракеде орус президенти Владимир Путин анын тарыхый милдети - бир кезде Орусияга караштуу аймактарды кайтарып, бекемдөө экенин билдирген. Арасында Эстониянын Нарва шаарын да атап өткөн. (SE)
Дагы караңыз
Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түптөөнү сунуштайтИюнь коогасында дайынсыз жоголгон 17 адам табыла элекДүйшөмбү шаарынын жака белиндеги үйлөр түрттүрүлдү