Июнь коогасында дайынсыз жоголгон 17 адам табыла элек

Июнь окуясында жоголгондордун айрымдарынын аты-жөнү. Ош шаары.

2010-жылдагы июнь коогасында дайынсыз жоголгон 57 кишинин 17си дагы эле табылган жок. Издөө иштери уланып жатканын 10-июнда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген Садыр Жапаров башында турган бийлик бул иш боюнча тергөөнү кайрадан жандантты.

Жума күнү Ошто калабада курман болгондор эскерилген. (SE\ArN)

Дагы караңыз

Дүйшөмбү шаарынын жака белиндеги үйлөр түрттүрүлдүАбактагы саясат талдоочу ооруканада үзүлдүПутин өзүн Петр Биринчиге теңеди