Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жапайы тоо текелердин кырылышына тоолорго кар калың жаагандыктан табигый тоюттун жоктугу себеп болгонун 10-июнда “Азаттык” радиосуна Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, Кумтөр алтын кени жакта 11, Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунун аймагында 24, жалпысынан 35 тоо текенин өлүгү табылды. Кар эрип, жол ылай болгондуктан башка жерлерди карап чыгууга мүмкүнчүлүк болбой жатканы, алардын так саны жаңылангандан кийин кошумча айтылары белгиленди.
9-июнда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Жети-Өгүз районунун тоолорунда тоо текелердин өлүгү жатканы тууралуу видео маалыматтар тараган болчу. (RK)
Дагы караңыз
Июнь окуясын тутанткан оюнчуларПарламенттин алдында депутат Шайлообек Атазовго каршы пикет өттүТергөөдөгү тилкат: авторитардык ченемге каршы арызСадыр Жапаров мурдагы министр Бекболот Талгарбековдун сөзүнө жооп берди