“Акыркы коңгуроо” салтанатына арналган иш-чаралар өлкө боюнча тынч өткөнүн “Азаттык” радиосуна 10-июнда Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, бүтүрүүчүлөр катышкан окуялар же кырсыктар катталган жок.
Бул күнү милициянын тийиштүү кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук коопсуздукту камсыз кылышты.
Кечээ 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын эскерткен.
Жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт.
Буга чейинки жылдары “Акыркы коңгуроодон” кийин бүтүрүүчүлөр майрамдоо учурунда түрдүү окуяларга кабылган, жол кырсыгынан каза болгон учурлар катталган. (RK)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров мурдагы министр Бекболот Талгарбековдун сөзүнө жооп бердиСадыр Жапаров этносторду бириктирген жалпы идеология керек экенин айтты Июнь окуясын тутанткан оюнчуларЭлектрондук соода боюнча салыкты тейлеген сайт ишке берилди