Парламенттин алдында депутат Шайлообек Атазовго каршы пикет өттү

Шайлообек Атазов.

10-июнда Жогорку Кеңештин алдына журналисттер Махинур Ниязова, Айгүл Сторожук жана жарандык активист Умай Арыкова депутат Шайлообек Атазовго каршы пикет өткөрүштү.

Алар миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын парламент жыйынында айткан сөзүн кескин сындап, Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты.

Депутат Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган. Социалдык медиада эл өкүлүнүн бул демилгесин "аялдардын укугун чектөө" деп сындашты.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусияда эле бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Электрондук соода боюнча салыкты тейлеген сайт ишке берилди Садыр Жапаров этносторду бириктирген жалпы идеология керек экенин айтты Ысык-Көлдө жол кырсыгынан төрт киши мүрт кеттиАбдрахматова: Адам укугун коргоо жаатында эл аралык уюмдардын сунуштары аткарылбай жатат