10-июнда таңга жуук Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Ананьево – Каракол автожолунда Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагылышып, төрт киши мүрт кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, алардын үчөө эркек бирөө аял. Министрликтин кызматкерлери автоунаалардан сөөктөрдү алып чыгып Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы 2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жаракат алганын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Ысык-Көлгө Орусиядан учактар түз каттай баштайт Акыйкатчы: Марат Казакпаевге меджардам канчалык жеткиликтүү болгону текшерилетОкуучу каза болгон аквапарк жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди"Адам укуктары боюнча улуттук диалог” болот Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт