Бүгүн 10-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жазуучуну эскерет, анын чыгармаларынан атайын даярдалган үзүндүлөр көркөм окулат.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышат.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет. (RK)
Дагы караңыз
Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын “Достык” ордени ыйгарылдыИндиянын тышкы иштер министри Бишкекке келдиДача СУ каргашасын иликтеген комиссия окуя болгон аймакка барды Европарламент Шинжаңдагы мусулмандарга каршы аракеттерде “геноцид коркунучу” бар деп эскертти