Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 10-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…21, күндүз 24…26,
Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36° болот. (JsA)
Дагы караңыз
Кесиптик кошуундар ишин текшере турган депутаттык комиссия түзүлмөй болуудаЕвропарламент Украинага шаркетке мүчө болууга талапкер статусун берүүнү сунуш кылдыЖапаров мурдагы президенттердин мүлкү тууралуу пикирин айтты