Европарламенттин депутаттары Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушунан кийинки тышкы саясатка жана коопсуздукка тиешелүү резолюцияны кабыл алды. Документ Еврокомиссияга жана Еврокеңешке Украинага "талапкер" деген макам берүүнү сунуш кылды.
Deutsche Welle кабарлагандай, 438 депутат резолюцияны колдоду, 65и каршы добуш берди, 94ү калыс болду.
Документтин бир пунктунда: «Украин эли менен тилектештик иретинде Украинага талапкер статусун берүү зарыл», - деп айтылат.
Парламентарийлер ошондой эле европалык өлкөлөрдү Киевди керектүү курал-жарак менен камсыз кылууга, согуш аяктагандан кийин Украинаны калыбына кетирүүгө салым кошууга даяр турууга, камакка алынган орусиялык активдерди Украинадагы кайра куруу иштерине жумшоонун укуктук механизмдерин түзүүгө чакырышты.
Ошондой эле «Орусиянын украин жергесиндеги согуш кылмыштарын иликтөөнү колдоо керектигин» белгилешти.
Украина Еврошаркетке кошулуу арызын Орусия басып киргенден кийин көп узабай тапшырган.
Биримдиктин айрым лидерлери бул жараян жылдарга созулуп кетиши ыктымал деп эскертишет.
Дагы караңыз
Жапаров мурдагы президенттердин мүлкү тууралуу пикирин айттыГенерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев соттон акталганы белгилүү болдуДепутат Баткенде "өзгөчө макам" маселесинде эл экиге бөлүнүп калганын айтты