Башкы прокуратура Араван районундагы Кайрагач-Арык айылына бала бакча курууда бюджетке 3 млн. 200 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталганын билдирди. Бул Ош облустук прокуратурасы социалдык обьектилерди курууга бөлүгөн каражаттардын сарпталышын текшерүү учурунда белгилүү болгон.
Маалыматта Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 60 орундуу бала бакчаны куруу үчүн "А." жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүп, 22 млн. сомго жакын каражатты толугу менен берген. Курулуш аяктагандан кийин кабыл алуу актысы түзүлүп, имарат пайдаланууга берилген.
Прокуратура бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Кыргызстанда 2021-жылы бала бакчага барчу курактагы 400 миңдей бала бар экени айтылган. Өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Жети жашка чейинки балдардын 70 пайызы бала бакчаларга тартылган эмес.(JsA)