Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 9-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8.
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° болот. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалуудаПрезидент: “Камбар-Ата-1” курулса Борбор Азияга пайдалуу болотОрусияда кыргыз жаштары "аябай көп" камалып жатканы айтылды (видео)Балдардын жайкы эс алуусуна көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлдуЖК: Табият кырсыгынан жабыркаган аймактар маселеси айтылдыӨКМ: Жоокердин сабалышына байланыштуу алты кызматкер иштен четтетилди