Кыргызстандагы тажик анклавдарындагы курал маселеси парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Кыргызстандын аймагындагы анклавдарында курал-жарак кармоо тартибине байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде кароо тапшырмасы берилмей болду. Комитетке протоколдук тапшырма берилерин 8-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутат Султанбай Айжигитовдун сунушуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Айжигитов өткөн аптада чек ара окуясы катталган Баткен районунун Булак-Башы айылы Кык деген жайлоонун жанында жайгашарын, ал жерде беш-алты эле үй бар экенин айтып, жанындагы тажик анклавына оор техника тартылганын кооптуу жагдай катары мүнөздөдү:

“Оор техниканы чыгарыш керек анклавдардан. Эл аралык тажрыйба боюнча анклавдарда оор техника кармаганга эч кимдин укугу жок. Анклавга кирген куралдын баары биздин мамлекетте каттоодо болушу керек. Ушул жагынан биз Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) протоколдук тапшырма беришибиз керек изилдеп чыгып туруп, чечкиндүү бир чара көрүш керек”.

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн, өз аймагына кетүү талабын аткарбай, ок чыгарышканын кыргыз тарап билдирген. Ок атышуу бир нече сааттан кийин токтогон. Жараат алган эки чек арачы ооруканада жатат.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын айтууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап миномет колдонгонун маалымдаган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан тышкары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар. Эки өлкө ортосунда чек ара маселеси толук чечилип бүтө элек. (RK)

Дагы караңыз

Конуштарды мыйзамдаштыруу жараяны кечикти Футбол: Кыргызстан Азия кубогуна чыгууга умтулатЗеленский Украина өз жери үчүн күрөшүн уланта берерин айтты"Куткаруучулар бар деп ишендиришкен". Аквапарктагы кырсык