“Жалалабатэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси айыпка жыгылды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Жалалабатэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Маматканов Жазык кодексинин (ред: 2017-жылдагы) “Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 220 миң сом айыпка жыгылды.

Мындай өкүмдү Жалал-Абад шаардык соту 26-майда чыгарганын облустук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ага карата тандалган үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынсын деген чечим чыкты.

Башкы прокуратура электр энергиясына болгон дебитордук карыздын мыйзамсыз жоюлганына байланыштуу “Жалалабатэлектрдин” жооптуу кызматкерлерине апрель айында кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөлдөөчү орган 2015-2021-жылдар аралыгында ишкана 114 млн. сомго жакын карызды негизсиз жойгонун жарыялаган.

“Турмуш” порталы бюджетке Кеңешбек Маматкановдон 11 млн. сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Кайрат Иманалиев УТРКнын директору болуп дайындалдыСурдлимпиадага катышкан спортчулар менен машыктыруучулар сыйланды Тажикстан тышкы соодада долларды колдонууну азайтатКыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жашыруун тоннель табылды“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу 8-июнда башталат