8-июндун аба ырайы

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-июнда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° болот. (BTo)

Дагы караңыз

Окуу жылын кайрадан 1-сентябрда баштоо сунушу министрликте талкууланууда (видео)Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев дүйнөдөн кайтты“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголдуОмбудсменден жардам сурагандар көбөйүүдөУкук коргоо органдары “Кыргыз темир жолун” текшерип жатат