Бүгүн 7-июнда Бишкекте «Илимдеги жана билим берүүдөгү аялдар: тенденциялар жана келечек» талкуусу өтөт. Улуттук илимдер академиясы уюштуруп жаткан талкуунун максаты – аялдардын илимдеги жана билим берүүдөгү ролу менен салымын баалоо, бул тармакта иштеген аялдарды кесиптик жана моралдык жактан колдоо экени белгиленди.
Талкууга илим чөйрөсүнүн, бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Күн тартибинде илим жана билим берүү тармагындагы гендердик теңсиздик, жаштарга колдоо көрсөтүү, санарип жана туруктуу өнүгүүдөгү аялдардын ролу деген сыяктуу маселелер бар.
Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда жумуш орду менен камсыз болгондордун арасында жогорку кесиптик билими бар аялдар 27%, эркектер 18% түзгөн. (RK)