"Азаттыктын" журналисти эл аралык сынактан жеңди

Сабыр Абдумомунов

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү уюштурган "Кайра калыбына келчү энергия булактарына өтүү - көмүртек нейтралдулугуна жетишүү үчүн биздин салым" деп аталган экологиялык эл аралык сынакта "Азаттык" радиосунун журналисти Сабыр Абдумомунов 1-орунду алды. Сынактын жыйынтыгы 6-июнда жарыяланды.

Сабыр Абдумомунов менен Бектурсун Стамкулов даярдаган "Жашыл энергияга жол тапкандар" деп аталган видео материалда жылуулукту үнөмдүү пайдаланган үй-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө жол тапкандар тууралуу баяндалат.

Экинчи орунга Казакстандан Яна Каримова менен Өзбекстандан Назира Умарова ээ болду. Үчүнчү орунду Vremya.kg, "Акчабар" агенттиктеринин кабарчылары алды.

Сынакка жалпысынан Борбор Азиядан 52 журналист катышкан. Жеңүүчүлөр Нидерландга климаттын өзгөрүүсү, жашыл энергия жаатында тажрыйба топтоп келүүгө жолдомо алышты. (BCh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашыл энергияга жол тапкандар

Дагы караңыз

Алматыдагы мелдеште кыргызстандык балбандар төрт алтын медалга ээ болдуПутин Украинадагы жаңы буталарга сокку урулушу мүмкүндүгүн эскерттиАлмазбеков: Улуттук курамада ойноо чоң сыймык Акматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү