7-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 30…32 градус болот.