Украин президенти өлкө чыгышындагы аскерлер менен жолукту

Владимир Зеленский. 2022-жылдын 5-июну.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-июнда өлкө чыгышындагы Лисичанск жана Соледар шаарларына барганын видеокайрылуусунда билдирди. Ал ошол жакта орус армиясына каршы күрөшүп жаткан жоокерлер менен жолукканын айтты.

Лисичанск - Северодонецкке танапташ жайгашкан шаар, Соледар - Северодонецк менен Лисичанск шаарларын Украина көзөмөлдөгөн негизги аймак менен байланыштырып турган жолдо жайгашкан шаар.

Зеленский аскерлер менен жолугуп, фронттогу абал жана материалдык-техникалык камсыздоо тууралуу сүйлөшкөнү, айрымдарына сыйлык тапшырганы кабарланды.

Бул күнү Украинанын борбору Киев Орусиянын ракеталык аткылоосуна кабылды. Орусия бул өлкөгө 24-февралда кол салган. (RK)

Дагы караңыз

Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты ага жолуга албай жатканын айтуудаРафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатын 14-жолу уттуКазакстан: референдумга шайлоочулардын 68,44% катышты