Казакстан: референдумга шайлоочулардын 68,44% катышты

Караганды шаарындагы добушканалардын бири, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстандын бардык аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктап, добушканалар жабылды. Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуштарды саноо башталганын, референдумдун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланарын айтты.

Учурда Казакстандын ондогон чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө добуш берүү уланып жатат.

Казакстандын бардык аймактарынын ичинен жекшембидеги референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 33,3 пайызы гана добуш берди. Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан (80,66%), Кызыл-Ордо (79,89) жана Чыгыш Казакстан облустарында (77,49%) байкалды.

Дагы караңыз "Токаевдин референдуму": Казакстанда эмне өзгөрөт?

Бийлик быйыл кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.

Дагы караңыз

Рафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатын 14-жолу уттуАлматыда шайлоочулардын 32 пайызы гана референдумга катыштыТокаев чет өлкөгө чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча комиссия түздүМаймыл чечеги Африкадан башка 27 өлкөдө катталдыӨКМ Жапаровдон жардам сурап кайрылган малчы боюнча маалымат берди