Алматыда активисттер Назарбаевди жоопко тартууну талап кылышты

Активисттер Аружан Дуйсебаева (солдо) жана Инга Иманбай. Алматы, 5-июнь, 2022-жыл.

Жекшембиде Алматы шаарындагы добушканалардын биринде расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапкери акция өткөрүшүп, "Мамайга боштондук, Назарбаевге түрмө" деп ураан чакырышты. Алар бюллетендерине ушундай мазмундагы талаптарын жазып, урнага салышты жана Казакстандагы саясий туткундарды бошотууну, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди жоопко тартууну, Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмесин жарыялоону талап кылышты.

"Беш ай мурун атып салышкан жүздөгөн казактын убалы жокпу? Ушул күнгө чейин Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмеси жарыяланган жок. Казак суроо-сопкуту жок атып салгыдай мал эмес, кой эмес. Ошондуктан тизме жарыялансын. Ушул убакытка чейин Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн жемкорлугун жана былыгын ашкерелеген Жанболат Мамай түрдө отурат. Назарбаев болсо боштондукта жүрөт", - деп билдирди Демократиялык партиянын активисттеринин бири Инга Иманбай.

Казакстанда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өтүп жатат. Токаев жекшембиде добуш бергенден кийинки сөзүндө Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмеси жарыялана турганын, иликтөө жүрүп жатканын, тополоң учурунда өзү айткан"20 миң террорчу" жөнүндө маалыматты күч кызматкерлеринин мурдагы жетекчилеринен алганын билдирди.

33 жаштагы Жанболат Мамай 25-февралдан бери камакта отурат. Ага бийлик менен макулдашылбаган митингдерди өткөрүүгө байланыштуу бир нече айып коюлуп жатат. Буга чейин да бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар казак бийлигинен Жанболот Мамайды бошотууну өтүнгөн.

Дагы караңыз

Путин Украинадагы жаңы буталарга сокку урулушу мүмкүндүгүн эскерттиКазакстандагы референдумда шайлоочулардын 53 пайызы добуш бердиЖараат алган чек арачылардын абалы дагы эле оор“Алтын тамга”: Министрлик кайрадан тест тапшыруу болбой турганын билдирдиРахмон менен Мирзиёев Яван ГЭСин куруу долбоорун ачышты6-июндун аба ырайы