Казакстандагы референдумда шайлоочулардын 53 пайызы добуш берди

Казакстандагы добуш берүү, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча өтүп жаткан референдумда саат 14:00го карата жалпы шайлоочулардын 53,4 пайызы добуш берди. Борбордук референдум комиссиясынын мүчөсү Анастасия Щегорцова шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берген соң "референдум өттү" эсептелерин билдирди.

Маалыматка ылайык, референдумдун алгачкы алты саатында Жамбыл жана Кызыл-Ордо сыяктуу бир нече облуста шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы добуш берсе, Алматы шаарында референдумга катышкандардын саны 23,6 пайызды гана түзүп жатат. Баш калаа Нур-Султанда жана январь айында наарызылык толкуну башталган Маңгыстау облусунда да добуш бергендердин саны 50 пайызга жете элек.

Көз карандысыз байкоочулар референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирүүдө. Жаш шайлоочулар лигасынын байкоочулары документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган жана бюллетендерди топ-тому менен урнага таштаган учурларды каттады. Мындай тышкары байкоочулар Семей жана Өскемен шаарларында бир эле адам эки шайлоо участкасында добуш берип жатканын аныкташты.

Дагы караңыз "Токаевдин референдуму": Казакстанда эмне өзгөрөт?

Конституцияга киргизилип жаткан жалпы 56 өзгөртүү жана толуктоо колдоо тапса, Казакстанда президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат; мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт; Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет; Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Конституциядан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык сөздөр алынып салынат.

Токаевдин командасы жаңыланган Конституция менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн белгилеп жатат. Бирок көз карандысыз активисттер жана саясат таануучулар конституциялык өзгөртүүлөрдү "реформа" деп атоого болбой турганын, референдумга коюлган түзөтүүлөрдө президенттин ыйгарым укуктарын чектей турган, парламенттин таасирин күчөтө турган жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кыла турган орчундуу өзгөрүүлөр жок экенин айтып келишет.

Дагы караңыз

“Алтын тамга”: Министрлик кайрадан тест тапшыруу болбой турганын билдирдиЖараат алган чек арачылардын абалы дагы эле оорТокаев Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү6-июндун аба ырайыЗулушев Жапаровдун буйругу “талкууга жатпайт” деп билдирди