Бишкекте «Медиа Топтоо-2022» форуму башталды

«Медиа Топтоо-2022»

Бишкекте кезектеги «Медиа Топтоо» форуму башталды. Эки күн бою тогуз өлкөнүн медиа тармагынын өкүлдөрү, эл аралык спикерлер медиа тармактын азыркы абалын, өнүгүү жолдорун талкуулашат.

Быйыл төртүнчү жыл уюштурулуп жаткан «Медиа Топтоо-2022» индустриалдык форумунун катышуучулары жалган маалыматты аныктоонун инновациялык ыкмалары, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бийликтин мамилеси, аймактык журналистиканын келечеги, кино тармагындагы жаңы багыттар, социалдык түйүндөрдөгү натыйжалуу стратегиялар, саясий блогинг, паблик-арт, медианын креативдүү экономикадагы ролу деген сыяктуу бир катар маселелерди сөз кылышат.

“Интерньюс” уюму USAID агенттигинин колдоосу менен “Медиа-К” долбоорунун алкагында медиа тармагын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү максатында уюштуруп келаткан «Медиа Топтоо» форуму бул жылдар аралыгында сапаттуу, көз каранды эмес жана заманбап медианы өнүктүрүүгө умтулган бирдей көз караштагы кесипкөй адистердин аянтчасына айлана алды.

Быйыл ага катышуу үчүн Украина, Грузия, АКШ, Норвегия, Латвия, Улуу Британия, Орусия, Казакстан өлкөлөрүнөн 15 медиаэксперт келди.

Форумдун 45 чакты спикеринин арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, “Азаттык медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева жана кабарчысы Токтосун Шамбетов, долбоорлор продюсери Елена Нечаева да бар. (RK)