Ошто адамдарга тиш салган иттен кутурма аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарында 17 адамды капкан жолбун иттен кутурма илдети аныкталганын калаанын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборунун өкүлү Дилорам Исламова билдирди.

3-июнга карата ит тиш салгандардын саны 19га жеткен.

1-июнда Ош шаарында жолбун ит 17 адамды каап, алар ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын ону жаш балдар болгон. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, эмдөөдөн өтүшкөн.

Былтыр 19-сентябрда Ош шаарында 13 тургунду жолбун ит каап, алар ооруканага кайрылган болчу. (AAb\JsA)

Дагы караңыз

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуудаАким: Атышуу болуп жаткан жерде жайкын тургундар жокЧек арада ок атышуу токтоду, жараат алгандар бар