Бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин саат 13:00го карата маалыматына караганда, атышуу уланууда.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тажик тарап миномет колдонду.
Баштапкы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.
Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди.
Ошону менен катар Кыргызстан абалдын курчуп кетишине жол бербөө чаралары көрүлүп жатканын белгилеп, тажик аскерлерин тез арада кыргыз тарапка ок чыгарууну токтотууга чакырды, болбосо, жооп берилерин эскертти.
Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек. (RK)
Дагы караңыз Чек ара: Булак-Башыдагы атышууда эки аскер жарадар болдуДагы караңыз
Министр китепканадагы намазкана жөнүндө түшүндүрмө бердиАлымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты ага жолуга албай жатканын айтуудаСаламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалды