Зеленский айрым ийгиликтер бар экенин, бирок абал жакшыра электигин айтты

Владимир Зеленский.

Украин аскерлери Северодонецк шаарында орус аскерлерине каршы салгылашууда айрым ийгиликке жеткенин, бирок Донбасстагы абал ал буга чейин “өтө оор” деп мүнөздөгөндөн жакшыра электигин 2-июнда кечки кайрылуусунда билдирди.

Украин күчтөрү өлкө чыгышындагы район-шаарларды коргоп калуу аракетин көрүп, Кошмо Штаттар убада кылган курал-жарак келгенче айыгышкан салгылашуусун улантууда.

Талдоочулардын пикиринде, АКШнын убада кылган техникасы Украинага жеткенче бир нече апта убакыт талап кылынышы ыктымал, андыктан, шайды оодарган тиреш создугушу мүмкүн.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг тиреш жүдөтүп-алсыратуу согушуна айланганын айтууда.

Орус аскерлери Украинанын каршылыгына карабастан өтө көп жана башаламан аткылоолору менен Донбасстагы бул негизги шаардын орчундуу бөлүгүн өз көзөмөлүндө кармап турат.

Зеленский кезектеги кайрылуусунда АКШ президенти Жо Байденге Украинага ракета жөнөтүү убадасы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кошмо Штаттардын Украинадагы элчисинин айтымында, аскердик жардамды жөнөтүү тездетилүүдө, бирок ракеталар фронтко жеткенче апталар өтүшү ыктымал. (RK)

Дагы караңыз

Мыйзамсыз курулган 142 миңдей үй-пайдубалга жер мунапысы берилгени жатат“Алтын тамга” сынагы боюнча айрым ата-энелер нааразы болууда«Кыйноого каршы коалиция» акысыз кеңеш берүү акциясын өткөрүүдөТокмокто окуучу кызга чагылган тийип, каза болду