Токмок шаарында 2-июнда кызга чагылган тийип каза болду. Чагылган дагы эки окуучуга тийген, учурда алар ооруканада. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Ооруканадагы балдардын абалы туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинен окуянын чоо-жайы кенен айтылган жок.
Кыргызстанда чагылган тийип каза болгон учурлар катталып турат. Өткөн жылы июль айында Оштун Кара-Суу районунан 13 жашар бала каза болгон. Ага чейин май айында Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит мал кайтарып жүргөндө чагылган уруп каза болгон. (TSh)
Дагы караңыз
Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалдыМинистр Бейшеналиевге карата жети иш козголгону белгилүү болдуЕвробиримдик Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алды