Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын 2-июнда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жемкорлук фактысы COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган.
Министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалды.
2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. (RK)
Дагы караңыз
Ысык-Көл милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттүМыйзамсыз курулган 142 миңдей үй-пайдубалга жер мунапысы берилгени жататЗеленский айрым ийгиликтер бар экенин, бирок абал жакшыра электигин айтты“Алтын тамга” сынагы боюнча айрым ата-энелер нааразы болууда