Министр Бейшеналиевге карата жети иш козголгону белгилүү болду

Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун 2-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголду.

“Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет” деп билдирди Башкы прокуратура.

Андан мурдараак Башкы прокуратура министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

Министрдин жактоочулары азырынча бул боюнча комментарий бере элек. (RK)