Сырт жайлоосунда чыгымга учураган малдын саны айтылды

ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев парламентте Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндөгү калың кардан улам чыгымга учураган малдын санын айтты. Акыркы маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлгөн. Жети-Өгүз районунда 610 кой, 13 топоз, 3 жылкы жок болду.

Бир нече депутаттар Сырт жайлоосундагы 3-4 күндөн берки калың кардан кыйналган малчыларга бийликтен жардам болбой жатканын айтып, тезинен чара көрүүгө чакырды.

ӨКМ жетекчилиги ашууларды тазалап, малчыларга тоют жеткирүү боюнча бардык иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Ал жайлоого Каракол-Эңилчек автоунаа жолу менен барат. (TSh)

Дагы караңыз

Парламентте Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты (видео)Депутат парламенттин бедели жөнүндө маселе көтөрдүТашиев Мадумаровду бийликти басып алууга айыптады (видео)Мадумаров Ташиевдин аткезчиликке байланыштуу дооматына жооп бердиСырт өрөөнүндө өлгөн малдын саны такталууда