2-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27 градус болот.