Депутат аткаруу бийлиги ишти үзгүлтүккө учуратып жатат деген оюн айтты

Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы отурумунда аткаруу бийлигинин ишине карата сын айтылды. Депутат Балбак Түлөбаев нааразы жарандар парламентке кайрылып жатканын билдирип, айрым жергиликтүү бийлик башчылары жана министрликтер өлкө жетекчилигинин ишин үзгүлтүккө учуратып жатат деген пикирин айтты:

“Баары Жогорку Кеңешке депутаттарга келип жатышат. Уксаң, анын баары аткаруу бийлиги аткара турган иш. Же губернаторлук институтту, же акимдик институтту жок кылыш керек. Сүйүнөбүз, кээ бир жерде иштеп жатышат, алар келген жок бизге. Элдин айтканын, мүдөөсүн укпай, керең болуп калды. Президент менен өкмөттүн ою жакшы, баарын кылып жатат, бирок алдындагылар саботаж кылып жатышат. Бир чечимге келиш керек”.

Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.

2020-жылы парламенттик демократия жолуна түшкөн Кыргызстан 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин толук президенттик башкарууга өткөн. Президент аткаруу бийлигинин башчысы, жетекчилердин көбүн ал өзү дайындайт. (RK)