Кыргызстан менен БАЭ ишкерлеринин жолугушуусу болот

БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Ал-Марри.

Бүгүн 1-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) бизнес-форуму өтөт. Ага катышуу үчүн кечээ Кыргызстанга БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Ал-Марри баштаган, курамында ишкерлер бар расмий делегация келген.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, форумга эки өлкөнүн авиация, энергетика, соода-сатык, инвестиция жана өнөр жай тармактарынын өкүлдөрү катышат.

Эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылы башталган. Кыргызстандын БАЭдеги элчилигин ачуу тууралуу чечим 2014-жылы кабыл алынган. (RK)