Өзбекстан биринчи кварталда Казакстандан 122,8 миң тонна ун алды

Өзбекстандагы наабайкана.

Өзбекстан быйылкы жылдын төрт айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда ундун импортун 22 миң тоннага көбөйтүп, жалпы көлөмү 124,8 миң тоннага жетти. Бул туралуу өлкөнүн Статистикалык комитетине таянып, "Озодлик" радиосу маалымдады. Ундун ири бөлүгү – 122,8 миң тонна январь-апрель айларынын аралыгында кошуна Казакстандан алынган.

15-апрелде казак бийлиги ички рыноктогу таңсыктыкты алдын алуу үчүн буудай жана ундун экспортуна чектөө киргизген.

Апрель-июль айларында Ташкент Казакстандан ыңгайлуу баага 100 миң тонна үчүнчү сорттогу буудай жана ун алууну көздөгөн.

Gazeta.uz жазганына караганда, биринчи кварталда кошуна өлкөдөн буудай, ундан тышкары май, маргарин, эт жана арпанын импорту көбөйдү.

Марттын орто ченинде Орусия буудайды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттого чектөө киргизген.

Дагы караңыз

Орусия буудайдын дүйнөлүк жолун бууп туратБУУ: Украинадагы согуш ачарчылык маселесин курчутатЕврокомиссиянын төрайымы Орусия азык-түлүктү курал катары колдонуп жатканын айттыИндия буудай экспортуна тыюу салдыАзур: Азык-түлүктүн кымбатташы глобалдык маселе